Аскар Акаев: "Кыргызстанга барышым мүмкүн"
Кыргызстандын биринчи президенти Орусиянын журналисттерине маек берип, Кыргызстанга келерин айтты.
"Сиз мекениңизге баргыңыз келеби, ага эмне каршылыктар болуп жатат?",- деп суроо беришти.
"Мекениңизди сагындыңызбы?"- деген суроолоруна мындайча жооп берди:
"Эч кандай формалдык каршылыктар жок, бирок мага каршы информациялык чабуулдар болуп жатат.13 жыл мурунку калп маалыматтарды жалган жалааларды кайрадан айтып чыгышууда. Алардын айтуусунда мен жарым тонна алтын уурдаган экем. Бирок мен Алмазбек Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга баралган эмесмин, эки бир тууганыма топурак сала алган жокмун. Мага ачык эле коркутуу болгон, аэропорттон кармаласын деп. Азыркы бийлик мен жөнүндө бир да жолу мага пикир айткан жок. Мага карата ачылган кылмыш иштери токтогонуна 12 жыл болду. Ошондой болсо да, ушул убакытка чейин мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды окуп, угуп калам. Мен өз кесибимде иштеп, сүйүктүү ишим менен алекмин, өзүн жэңүүчү сезгендер бийликтен кетип калышкан", - деп кошумчалады мурдагы Кыргызстандын президенти.
Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-kyrgyzstanga-baryshym-mumkun
Добавить комментарий ×