Асия Сасыкбаева: Дарыгерлер Аида Салянованы ооруканага алып кетишти
“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева камактагы экс-башкы прокурор Аида Салянованы ооруканага алып кетишкенин социалдык тармактагы баракчасына кабарлады.
“Дарыгерлер Салянованы ооруканага алып кетишти”,-деп маалымдады Сасыкбаева.
Эскерте кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган экс-башкы прокурор Аида Салянованын жакындары ал кармалып жаткан 1-СИЗОдо тез жардам чакыртышкандарын билдиришкен. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты тастыктаган эмес.
Салянованын жүрөк оорусу күчөп жатканы кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/asiya-sasykbaeva-darygerler-aida-salyanovany-oorukanaga-alyp-ketishti
Добавить комментарий ×