Бир суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды
Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган министрлик ошондой эле, бүгүн, 17-февралда күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/ashuularda-kar-kchk-tshs-mmkn
Добавить комментарий ×