Бир суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

17 февраля 2020 09:43 357 Barometr
Поделиться в:
ok

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган министрлик ошондой эле, бүгүн, 17-февралда күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады. 

Ага ылайык, күндүз Жалал-Абад облусунун  тоо этектеринде  жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын  тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  

Чүй, Талас, Ош,  Жалал-Абад, Баткен облустарынын  өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында  жаан-чачын күтүлбөйт.  

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  чейин жетиши күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ashuularda-kar-kchk-tshs-mmkn



Добавить комментарий