Асель Кадырбекова Түркияда дарыланууда

11 июнь 2021 16:29 6327 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова Түркияда дарыланууда. Бул тууралуу ырчы айымдын соцтармактагы баракчасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.  

“Биз Түркияда дарыланып жатабыз. Алгач көзүмдү текшерттирдим. Кырсыктан кийин көзүмдө көйгөйлөр пайда болду, бирок, кырсыкка чейин 100% көрчүмүн. Биз невропатологияга да барабыз. Жыйынтыкты доктур анализдер менен таанышкандан кийин айтат.

Бир нече күндүн ичинде дарыгерлердин дагы бир нече текшерүүсү болот. Баарын текшерип бүткөндөн кийин, дары, укол жазып беришет. Жалпысынан алганда, дарылоо! Канча акча кетти? Кантип бардың? ... ж.б. көптөгөн суроолор келип жатат. Кааласаңыздар, мен ал жөнүндө пост жазам. Мен жөн гана узак убакытка чейин жазам жана телефонду көпкө чейин кармай албайм”, - деп жазды ырчы айым.

Эске сала кетсек, былтыр 26-июнда ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-trkiyada-darylanuuda



Добавить комментарий