Асель Кадырбекова палатага которулуп, сүйлөп баштады
Ырчы Асель Кадырбекованын абалы күндөн-күнгө жакшыра баштады. Бул тууралуу Сабырбек Жумабековко шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кадырбекова реанимациядан өзүнчө палатага которулду. Ырчы айымды апасы карап жатат. Мурда түтүкчө аркылуу тамак жеп жатса, эми кашык менен тамактана баштады (апасы берет).
“Асель сүйлөй баштады. Бирок, көбүнчө уктап жатат. Ал апасын жана башкаларды тааный баштады”, - деди Жумабеков.
Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-palataga-kotorulup-sjlp-bashtady
Добавить комментарий ×