Асель Кадырбекова: Операция учурунда чачымды кырып коюшкан, азыр парик кийип жүрөм
Ырчы Асель Кадырбекова авариядан кийин оор операция учурунда дарыгерлер чачын кырып койгонун айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
“Менден 100 жолу парик кийип жүрөсүзбү деп сурагандарга жооп берип койоюн. Менин башыма оор операция жасалган. Ошол учурда чачымды кырып коюуга туура келген. Өзүмдүн чачымдын өсүшүн күн санап күтүп жатам. Өзүңдүн чачыңа жетпейт экен.
Мага ыңгайсыз жана кандай оор болуп жатканын көргөн жолдошум парик алып келип берген. Мен ичимдеги кайгыны жакындарыма билдирбөөгө аракет кылсам да алар менин ички сезимимди туюп турушат”, - деп жазды ырчы кыз.
Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан.
Добавить комментарий ×