Асель Кадырбекова: Мен өлүп калсам кызым эмне болот деп ыйлагам

5 апрель 2021 14:03 5431 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова буга чейин, түш көрүп жаткандай эле абалда жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Жаңыдан өзүмө келип баштаганда, өлүп калсам кызым эмне болмок деп ыйлагам. Эч бир жан балага өз энесиндей боло албайт.
Түш көрүп эле, азыр ойгоном дегендей болуп жүргөм. Мен өткөргөн күндөрдү эч кимге, жада калса душманыма да каалабайм", - деп жазды ырчы кыз.

Эске сала кетсек, Асель Кадырбекова 2020-жылдын жай айында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, ага оор операциялар жасалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-men-lp-kalsam-kyzym-emne-bolot-dep-yjlagam



Добавить комментарий