Асель Кадырбекова: Көзүм начарлап жатат. Түркияга барып дарыланып келсекби деп жатабыз

24 ноябрь 2020 09:30 6520 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова авариядан кийин көзүнүн көрүүсү начарлап, мыкты дарыгер издеп жатканын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Менин көзүм аварияга чейин 100 пайыз жакшы болчу. Анан, кырсыктан кийин эле жакшы көрбөй калдым. Окулисттер көзүмдү жакшы дейт. Балким, башыман катуу сокку алгандан улам окшойт. Жакшы невропатолог дарыгер издеп жатабыз. Мени очки тагынба деди. Бирок, көз айнексиз жакшы көрбөй жатам”, - деди ырчы кыз.

“Ар бир беш, алты айда бирден ден соолугумду текшертип турушум керек. Жаңы жылдан кийин Түркияга дарыланууга барып келели деп жатабыз. Ал жакта жакшы дарыгерлер бар деп жатышат”, - деп кошумчалады Кадырбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kzmdn-krs-nacharlap-zhatat-zhay-zhyldan-kijin-trkiyaga-baryp-darylanyp-kelsekbi-dep-zhatabyz



Добавить комментарий