Артыкбаев: Мен Кудай алдында, эл алдында акмын!
Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу иш боюнча сот процесси уланды. Отурумдун жүрүшүндөгү жарыш сөз мезгилинде парламенттин депутаты, экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Рабига Садыкова судья Инара Гилязетдиновадан өзү коргоп жаткан адамды актоосун өтүндү, анкени сотто анын күнөөсүз экендиги далилденди.
Рабига Садыкова Артыкбаев мыйзам бузбагандыгын жана өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткаргандыгын айтты. "Артыкбаев мамлекеттик кызматка дайындалганга чейин эле 1995-жылдан бери эле бизнесмен катары таанылган. Артыкбаев өз эмгеги менен бардыгына жеткен, анын эл үчүн жасаган иштерин коомчулук жакшы билет, анткени ал ар дайым калктын аялуу катмарына жардам берип келген, калктын социалдык көйгөйлөрүн чечип, өз каражатына мектеп, бала бакча, жол, көпүрө, спорт залдарын жана башка социалдык объекттерди курган, жумушчу орундарын түзүү менен анын жардамына муктаж адамдардын баарына жардам берип келген жана азыр дагы жардамын берип келет. Муктаждык эмне экендигин ал өзү атасыз жана көп балалуу үй-бүлөдө өскөндүктөн жакшы билет, анын жашоо турмуш жолу оңой болгон эмес. Ал бардыгына өз эмгеги, аракети менен жетип, өз бизнесин түптөгөн. Жашоого мындай көз карашта караган адам мамлекетке жамандык кыла алабы?Артыкбаев министр болуп турганда өз милдеттеринин алкагында гана административдик процедураларга гана катышкан",- деп белгиледи Рабига Сыдыкова.
Осмонбек Артыкбаев өз сөзүндө мамлекеттик кызматка байыш үчүн келбегендигин белгиледи, анткени ал каражатка муктаж эмес эле.
«Мен мамлекеттик кызматка бир гана максат менен келгем – ал мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу болгон»,-деп айтты ал.
Артыкбаев ошондой эле министр болуп турганда мыйзам бузбагандыгын жана өз ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып баргандыгын айтты. Артыкбаев эл алдында жана Кудай алдында таза экендигин, акыйкат чечим чыгарына ишенерин билдирди. «Мен акыйкат сот болоруна жана акыйкат чечим чыгарына ишенем жана мени актоосун өтүнөм, анткени мыйзам бузган эмесмин. Мен өмүр боюу эл үчүн иштедим. Мен ишеним жана чынчылдык менен элге кызмат кылдым. Мен кайсыл жерде болсом дагы, кандай кызматта болсом дагы, өзүмдүн кызыкчылыгыма караганда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын жогору коюп келдим. Мен министрлик кызматка дайындалгандан тартып өз ыйгарым укуктарымдын алкагында гана иш аткардым. Мен министр болуп дайындалганга чейин эле долбоор боюнча чечим кабыл алынган болчу. Муну ошол кездеги президенттин аппаратынын бөлүм башчысынын мамлекет башчыга жазган кызматтык каты далилдеп турат. Ошентип, мен дайындалганга чейин эле подрядчылар, каражат булагы, сумма жана келишимдин формасы аныкталган. Ал тургай мага чейин эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча келишимге кол коюу мөөнөтү дагы аныкталган»,-деп айтты Артыкбаев.
Ал ошондой эле Модернизациялоо башталганга чейин эле кызматтан бошотулгандыктан модернизациялоонун өзүнө дагы катышпагандыгын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/artykbaev-men-kudaj-aldynda-el-aldynda-akmyn
Добавить комментарий ×