Арстан Алайдын өзүн “Жаңы Кудаймын” деп айткандары боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

18 октябрь 2019 22:31 1266 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арстан Алайдын өзүн “Кудаймын” деп айткандары боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш “Расалык, этникалык, улут аралык, диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Эске сала кетсек, 16-октябрда Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормонов Арстан Алай өзүн “Жаңы Кудаймын” деп айтканы тууралуу билдирип, тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү талап кылган болчу.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов ал кишинин аткандары боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/arstan-alajdyn-zn-zhay-kudajmyn-dep-ajtkandary-boyuncha-miliciya-kylmysh-ishin-kozgodu



Добавить комментарий