Армениянын премьер-министрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Никол Пашинян шайланбай калды
Армениянын парламентиндеги "Елк" фракциясынан премьер-министрликке көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Никол Пашинян премьер-министрлик кызматка шайланбай калды. Бул тууралуу Армениянын массалык маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматта айтылгандай биринчи турда парламенттеги үч фракция добуш берүүдөн баш тартып, "Елк" фракциясы калыстык кылган. Жыйынтыгында депутттардан каршы бир адам болуп. калгандары калыс бойдон калган. Мунун себебинен Пашинян премьерлик кызматка олтурбай калды.
Добуш берүүнүн экинчи туру 1-ноябрда болоору айтылды.
Эске салсак, Пашинян отставкага кеткенин 16-октябрда жарыялаган. Ал мындай кадамга мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн барган.
Эми бир жуманын ичинде жаңы премьер-министр шайланбаса, өлкөнүн парламенти таркап, декабрдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.
Добавить комментарий ×