Армениянын премьер-министри Николь Пашинян кызматынан кетти

17 октября 2018 10:15 1259 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Армениянын премьер-министри Николь Пашинян 16-октябрда кызматынан кетти. Бул тууралуу премьер-министр өзү жергиликтүү телеканалдардын бирине билдирди. Маалыматка ылайык, ал жакында парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн улуттук жыйынын таратуу зарылдыгынан улам ушундай кадамга барган. Ишимди жыйынтыктап жатып, мени колдоп турган элиме ыраазычылыгымды билдирем, кимдердин көңүлүн калтырып алсам кечирим сурайм-деди өз сөзүндө. Ошондой эле, убактылуу өкмөттүн милдетин аткарып тураарын билдирди. 

Ал эми парламенттик шайлоо 10-декабрда өткөрүлө тургандыгы билинди. 

Ссылка: https://barometr.kg/armeniyanyn-premer-ministri-nikol-pashinyan-kyzmatynan-ketti



Добавить комментарий