Археологдор атактуу Троянын жыгач атын тапканын жарыялашты

13 август 2021 17:56 1107 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грецияда байыркы Троя атына таандык делген археологиялык табылга казылып алынды. Бул тууралуу ЖМКларга таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Байыркы дастанда Троя согушунун маалында гректер Одиссейдин тапшырмасы менен чоң жыгачтан жасалаган атка жашынып алып душмандарын жеңгени айтылат.

Түркиялык археологдор Гиссарлык дөбөсүндө байыркы Троя шаарынын калдыктарын казып жаткан маалда ат жасалган жыгачтарды табышканын билдиришти.

Табылга 15 метрлик узундуктагы тактайлардан куралган, аны жыгачтан жасалган аттын бир бөлүгү деп болжолдошууда.

Казуу иштеринин жетекчилери, Бостон университетинин окумуштуулары Кристин Моррис менен Крис Уилсон “бул табылгалар байыркы Троя аты деп ишенимдүү айта алабыз”,- деп билдиришти.

“Көмүртек менен аныктала турган тесттин жыйынтыгы артефакттын бөлүктөрү биздин заманга чейин XII же XI кылымга таандык экенин көрсөтүп турат, бул Троя согушунун датасына туура келет”,-деп айтты Моррис.

Ссылка: https://barometr.kg/arheologdor-ataktuu-troyanyn-zhygach-atyn-tapkanyn-zharyyalashty



Добавить комментарий