Дүйнө чемпионаты. “Альянс Алтын” КР курама командасынын мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөттү

7 октябрь 2022 10:21 1758 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Болгариянын  Пловдив шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда.

Өлкө намысын 17 спортчу коргоп жатат.
Алардын арасында «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен чемпионатка барган Талас облусунун өкүлдөрү Талант Бегалиев менен Чынарбек Ызабековдор бар.

Талант Бегалиев эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарынын биринчи вице-чемпиону Канатбек Бегалиевдин бир тууган агасы.Пловдивде өткөн дүйнө чемпионатында 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, күмүш медаль тагынды.

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Токио Олимпиадасында коло байгени алган Мээрим Жуманазарова баш болгон жаш спортчулардын жеке машыктыруучусу. Ал 100 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алтын тагынды.

«Балбандар «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгын билдиришип, дайыма колдоп турушарын айтышты. Бул жолу эле эмес, буга чейин да күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишкен спортчуларга “Альянс Алтын” тарабынан акчалай жардамдар берилип, акчалай сыйлыктар ыйгарылды”, – дейт Талант Бегалиев. 

“Ар тараптуу колдоо көрсөткөн “Альянс Алтын” сыяктуу компаниялар бар болсо, өлкөбүздө спорт өнүгөт, кыргыз желеги бийик желбирейт”, -деп кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/ardagerler-arasynda-djn-chempionaty-alyans-altyn-kr-kurama-komandasynyn-mchlrn-karzhylyk-koldoo-krstt



Добавить комментарий