Жаз келдиби? Аравандыктар картошка эгүүнү баштады

31 январь 2020 09:29 1397 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аравандыктар картошка эгүүнү баштады.  Быйылкы жылда жаздын эрте келишин байкаган дыйкандар жазгы талаа иштерин баштап жиберишти. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы П. Мирзабарамов билдирди. 

2020-жылдын 28 – январь күнү Араван районуна караштуу  С Юсупов айыл аймагынын дыйканы Б.Абдакимов 30 сотых аянттагы үлүш жерине жана анын тууганы К. Абдакимов 20 сотых жерге  пленка астына эрте бышуучу картошканын үрөнүн отургузушкан. Ал эми ушул эле райондун Нурабад айыл өкмөтүндө 30-январь күнү 20 сотых жерге картошка отургузулган. 

Ошентип Араван району боюнча үстүбүздөгү жылдын 30-январына карата 70 га жерге картошка отургузулган. Учурда райондо абанын күндүзгү  температурасы +10,0 градус болуп, башка дыйкандар дагы жазгы талаа иштери баштап жаткандыгы тууралуу айтылып жатат

Ссылка: https://barometr.kg/aravandyktar-kartoshka-egn-bashtady



Добавить комментарий