Аравандагы үгүт учурундагы чатактан кийин 12 адам ооруканага түштү (Сүрөт)

21 сентябрь 2020 10:20 608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Араванда үгүт иштери учурунда чыр чыкты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 20-сентябрда кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды.

«100гө жакын шайлоочу менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар менен үгүт кылып барган адамдардын ортосунда чатак чыккан. Баштапкы маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаган учурда чыр чыгып кеткен. Мушташ 10-15 мүнөт уланган. Учурда абал тынч. Бир жабырлануучунун абалы оор деп айтылууда», - деди Аширбаев.

Аширбаев билдиргендей, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-gt-uchurunda-chataktan-12-adam-oorukanaga-tsht



Добавить комментарий