Араванда 63 жаштагы киши зордуктаган 15 жашар кыз көз жарды

12 июнь 2021 11:13 3145 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу болгону аны апасы үч айдан кийин ооруканага алып барган учурда билинген.

Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалып, сот бөгөт чарасы катары 22-июнга чейин камакта калтырган.

Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-63-zhashtagy-kishi-zorduktagan-15-zhashar-kyz-kz-zhardy



Добавить комментарий