Арал сатып алган миллионер лампочка уурдап кармалды
Американын Флорида штатындагы Ки-Уэст шаарында жеке менчик аралы, эки баалуу особнягы бар миллионер уурулук үчүн кармалды. Бул тууралуу Miami Herald басылмасы кабарлады.
59 жаштагы Эндрю Фрэнсис Липпи бир нече ирет дүкөнгө барып эки кофе кайнаткыч, сегиз лампочка сатып алган. Бирок эртеси аларды кайра алмаштырууну талап кылып дүкөнгө келген. Таңгактын ичин ачып карашканда бирине эски кофе кайнаткычты салып, экинчисине таптакыр эле башка нерсени-тактап айтканда баскетбол тобун салып койгон. Ал эми лампочкалардын ордуна эскилерин алмаштырган.
Ошентип дүкөнгө 300 доллар зыян алып келген.Учурда Липпи кармалды. Ал кылган аракетин танып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/aral-satyp-algan-millioner-lampochka-uurdap-karmaldy
Добавить комментарий ×