Арак ичип олтуруп бычактап салган. Кылмышка шектүү камактан чыкканына бир ай эле болгону айтылды

21 февраль 2019 12:25 1195 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сокулукта эркек кишини бычактап өлтүрүп кетишти. Кылмышкер бир ай мурда эле камактан чыккандыгы дайын болду. Бул тууралуу Чүй Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 2019-жылдын 19-февралында болжол менен 12.50 чамаларында Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына бычакташуу тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Сокулук районунун Комсомол айылынын 50 жаштагы тургуну бычактан жаракат алгандыгына күбө болушкан. Тургун ооруканага жетпей каза болуп калган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү 45 жаштагы И.Р аттуу Чүй облусунун жараны экендигин, мурда көп жолу наркотик үчүн соттолгон жана камактан чыкканына бир ай эле болгондугун укук коргоо органдары аныкташты.

Териштирүүдөн кийин экөө арак ичип олтуруп, урушуп кетишкендиги билинди. Уруштан мушташка айланып, жыйынтыгында бычак менен сайып салып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Учурда иликтөө иштери уланууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/arak-ichip-olturup-bychaktap-salgan-kylmyshka-shekt-kamaktan-chykkanyna-bir-aj-ele-bolgonu-ajtyldy



Добавить комментарий