Анжелика кара дуба окулган куржун тууралуу суроолорго жооп берди. Ырчыга кара дуба окуткан ким?
Белгилүү эстрада ырчысы Анжеликанын сүрөтү мүрзөгө көмүлгөнү тууралуу интернетте видео тарады. Бул видео боюнча суроолорго көп күттүрбөй Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу жооп берди.
Анда ырчы айым:
"Кандайча бул видео ватсапка тарап кетти, билбейм... Бардык журналисттер суроо жаадырып жатышат... Жооп бир болсун:
Бишкек шаарынын Байтик айылынан табылган куржун... Беш кол тен эмес, Кудайыбыз бирөө болсо да, ар кандай кара дүйнө менен жашап келгендер бар экени өкүндүрөт. Эл көзүнө көрүнгөн инсандарга гана эмес, өз жашоосу менен тынч күн өткөргөндөргө да мындай иштерди оорулуу жасайт.
Мен кечэээ эртен менен, ушул нерсени таап алган балдардын өзүнөн бул кабарды жардамчы кызым аркылуу көрдүм. Жакындарым балдар менен жолугуп, тапкан жерге барышып, чоң молдо аталарыбыздын айтканын жасашты. Мындай жаңылыка биз көнүп деле калдык. Керек болсо салонума ай сайын мындай сүрөттөрдү, ийне сайылган куурчактар менен кара дубага буйрутма алгандар өзүлөрү алып келип берет. Анткени мени таанышат. Эмнени ойлоп мынчалыка барышат, билбейм. Ичине жаман нерсе киргендерге Кудайым жардам берсин! Көңүлүн тынчытсын. Медальдын эки тарабы болгондой, ишиң жылса-буттан тартчу да табылат дейт. Ким кылса да өзүнө кайтат экен. Бирөөгө көр казам деп, өзү түшүп калбаса болду. Андан көрө кайтпасын.... Ар бир нерсе Жаратканымдын колунда экенин билем! Кимдин көңүлүн оорутуп алсам, туура эмес нерсе жасап алсам (пендемин да) кечирим сураймын. Мени менен так себебиңиз болсо жолугушууга ар дайым даярмын! Уялчу, коркчу нерсе жасаганым жок. Эл алдында жүзүм ачык. Мен бир гана Кудайга Аллахка ишенем!!! Ал өзүнө ишенгендерди жаман нерселерден коргойт!!! Эч качан мындай нерселер биздин жашообуздун нугун бузууга жол бербейли! Ишенбейли! Бала кезимен күчтүү дубаларды келтирип, медресеге каттап, Ыйман жолундагы таксырлардын кенешин угуп келем", -деп элдин баарынын таң калтырды. Ага кошумча Анжелика эс алуусу жакшы аяктап үйүнө кайтканын да кабарлады.
Муну уккан көпчүлүк дүрбөлөңгө түшүп "бул кимдин кылганы болду экен?", "кара дубасы өздөрүнө тийсе экен", "ушундай да болот тура", "Кудай өзү сактасын" деген өңдүү пикирлерин жазышууда, башкалар ырчыны намаз окууга, өзүн жакшы кароого чакырууда.
Эске салсак видео тасма 2019-жылдын 13-февралында тартылган. Эстрада ырчысы Анжелика Кайратова Кыргызстандагы эң белгилүү айымдардын бири. Анын инстаграм баракчасында 1 миллиондон ашык катталуучусу бар. Учурда үч кызды тарбиялайт. Жолдошу Урмат Бекболиев менен былтыр расмий түрдө ажырашкан. Учурда бизнесмен Марат Назарбеков менен мамиледе экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, экөөнүн сүрөтү интернетке тараган. Анжелика ошондой эле устаты Айчүрөк Иманалиева менен дагы араздашкан жайы бар.
Добавить комментарий ×