Анжеликага кара дуба окуткан видео тарады

21 февраля 2019 15:15 8656 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү эстрада ырчысы Анжеликанын сүрөтү мүрзөгө көмүлгөнү тууралуу интернетте видео тарады.  Видеого тарткан жигит мүрзө казып жатып кыздын сүрөтүн таап алышканын айткан.

“Урматтуу мекендештер, биз мүрзө казып жатып көмүлгөн жерден сүрөт таап алдык. Сүрөткө ийнелер сайылыптыр, идиште свеча бар экен, шиш така коюптур, бул Анжелика окшойт, туз, чач дагы көп нерсе бар экен. Муну бирөө окутса керек. Бүгүнкү число 13-февраль 2019-жыл деген видео тарткан бала.

Видео тасма кайсы көрүстөндо тартылганы белгисиз.  Тасмага тарткан балдар өздөрүнүн жүзүн көрсөтүшкөн эмес.

Бул чындыгында болгон окуябы же балдар тамашага салганбы белгисиз.

Эске салсак, каршылашына кара дуба окутуу эстрада ырчылары, саясатчылар арасында кеңири орун алган нерсе экендиги айтылып жүрөт. Эстрада ырчысы Анжелика Кайратова Кыргызстандагы эң белгилүү айымдардын бири. Анын инстаграм баракчасында 1 миллиондон ашык катталуучусу бар. Учурда үч кызды тарбиялайт. Жолдошу Урмат Бекболиев менен былтыр расмий түрдө ажырашкан. Учурда бизнесмен Марат Назарбеков менен мамиледе экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, экөөнүн сүрөтү интернетке тараган. Анжелика ошондой эле устаты Айчүрөк Иманалиева менен дагы араздашкан жайы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikaga-kara-duba-okutkan-video-tarady



Добавить комментарий