Анжелика чакырылган тойго барбай калган. Себеби ырчынын приступ берип жыгылганын айтышууда
Чакырылган тойго барам деп, барбай койгон Анжелика кайрадан чуунун үстүндө. Бул тууралуу ырчынын жеке баракчасына Анжеликага нааразы болгон Шамырканова Гүлай аттуу аял билдирүү калтырды. Ал: "Анжелика уятың деле жок экен, сыйлуу адамдарды уят кылып, келем деп айтып, келбей койдуң, Мага башкалар айтышты эле, Анжеликаны эмне кыласынар, өзүнүн жашоосун тыңдай албай араң жүрөт деп, көрсө сен акчага көөп калган турбайсыңбы, элдин каарына калбасаңчы ушунчалык!"-деди.
Ырчы буга: "Эң негизгиси кызыңыздын өмурү узун болсун. Ден-соолугум айттырбай кулатты. Көөп кеткендик деп түшүнө бериңиз. Кырсык айттырбай келет экен. Мен жок деле тоюңуз сонун өтүптүр. Куттуктайм. Чынара эжемди өз эжемдей жакшы көрчүмүн. Көрсө жамандык башка тушкөндө кимдин ким экени көрунүп калат экен. Элге уят кылам деп кыйкырганыңарды бир билдирүү менен көрсөттүнөр! Жетишет. Кудайга койдум!"-деп жооп берди.
Ал эми интернет колдонуучулардан ошол кунү Анжелика менен чогуу болгондордун бирөөсү ырчы ашказанынан приступ берип, ооруп жыгылып тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилгендигин тастыктоодо.
Добавить комментарий ×