Анжелика: Баары шайлоого кетип калышты. Ачка калган жана ооруган жарандарды ойлогон киши жок

9 сентябрь 2020 17:36 2462 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика пандемия маалында баары шайлоо деп кетип, орулуулардан жана калктын аярлуу катмарынан кабар алган киши жок деп тынчызданууда. Ырчы Эл аралык уюмдардын жана ыктыярчылардын жардамы менен ооруканаларга берилген рентгендерди колдонууга беришин Саламаттык сактоо министирлигинен өтүндү. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына калтырган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Социалдык өнүктүрүү министрлиги да бир канча тонна ун берем деп убадасын аткарбагандыгы айтылат. Аларды курттатпай элге бериш керек. Ага аз камсыз болгон 5000ден ашуун үй-бүлө кайрылып, жардам күтүп жатканын айтты.

“Мамлекетке биз милдеттүү эмесбиз жардам бергенге. Бирок өкмөттүн ишин колго алып, кыйын кырдаалда жардам берген ыктыярчылардан акча сураганыңар уят. Алар жада калса өз чөнтөгүнөн такси кызматына акча төлөп ооругандарды обцервацияларга жеткирип жатышты. Эми алардан ылдамдыкты ашыра айдаганы үчүн айып пулдарды очойто төлө деп жатасыңар. Ошол учурда ар-бир мүнөт баалуу болуп турган. Ошондуктан ыктыярчылар ылдамдыкты ашыра айдап канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калууга себепкер болушту”, -деп айтты Анжелика.

Буга чейин соц тармактарда коронавирустун күчөп турган маалында элге жардам берген ыктыярчыларга жол эрежесин бузгандыгы үчүн көп өлчөмдө штраф келип жатканы маалым болгон.

Ыктыярчы Зульфия Хайбулиннанын айтымында бир эле волонтерго 6000 сом өлчөмүндө айып пул келген. Бул өтүнүчү менен тиешелүү кызматтарга кайрылып оң жооп ала албай жатканына нааразы болушууда.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-baary-shajloogo-ketip-kalyshty-achka-kalgan-zhana-oorugan-zharandardy-ojlogon-kishi-zhok



Добавить комментарий