Антитеррордук операцияда өлтүрүлдү делген балбан Муслим Евлоев тирүү экени айтылууда
Ингушетияда антитеррордук операция учурунда жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталып, алардын арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн Муслим Евлоев жок экени айтылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук терроризмге каршы комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр” которду.
“Назрандагы жана Ингушетиянын Малгобек районундагы антитеррордук операция учурунда коопсуздук күчтөрү республикада бир нече террористтик кылмыш жасоону көздөгөн эки бандитти жок кылып, бирөөнү кармады», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин айтылган маалыматка ылайык, жок кылынган адамдардын арасында облустун тургуну, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын мүчөсү Муслим Евлоев бар экени айтылган эле.
Бирок, Муслим Евлоев качып кетүүгө үлгүрүп, анын тууганы кармалганы айтылды.
Белгилей кетсек, бул операция өткөн жумада Росгвардия офицеринин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөн.
Ошондой эле, Кыргызстандын жиу-житсу боюнча федерациясынын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев Евлоевдин тирүү экендигин жеке баракчасына жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/antiterrorduk-operaciyada-ltrld-delgen-balban-muslim-evloev-tir-ekeni-ajtyluuda
Добавить комментарий ×