Анталияда кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды

9 октябрь 2019 15:45 3045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Анталия шаарында айымдарды сексуалдык кулчулукка мажбурлаган банда тобу кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү haberler.com сайты жазды.

Күч органдары бандалык топтун мүчөсүнө шектелген 7 эркек адамды колго түшүргөн. Алардын туткунунан 7 аял бошотулган. Куткарылгандардын арасында түрк, молдова айымдары менен кошо кыргызстандык да болгон. Анын аты-жөнү, жашы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

Полиция бул иш боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө башталганы кабарланат.

Ссылка: https://barometr.kg/antaliyada-kyrgyzstandyk-kyz-seksualdyk-kulchuluktan-kutkaryldy



Добавить комментарий