Аномалия! Францияда ак жайдын күнү кар күрөп жатышат

2 июль 2021 11:42 4653 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Франциянын чыгышында катуу болгон мөндүр аралаш жаан өлкөнү кыштагыдай көрүнүшкө бөлөдү. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өлкөгө кадимки кар жаагандай сүрөттөрдү байма-бай бөлүшүүдө. Чындыгында бул-мөндүр.

Мындай фото сүрөттөргө жана видеолорго көптөгөн пикирлерди калтырышууда.

“Вогезы тооларунда жайгашкан Пломбьер-ле-Бен шаарында жайдын толугунда жааган бул мөндүр жергиликтүү тургундардын шаштысын алды”, - деп жазды France Іnfo.

Вогезыда мындай аба ырайы 29-июнда башталган. Штром бир нече ири калктуу пунттарда болду, анын ичинде белгилүү курорттук шаар, өзүнүн термалдуу суулары менен атагы чыккан Пломбьер-ле-Бен да бар.

Жергиликтүү куткаруу кызматы берген маалыматка таянсак, Пломбьер-ле-Бен шаарында бийиктиги 60 сантиметрге чейин жеткен муз жана мөндүр аралаш күрткүлөр пайда болду. 

Үйлөрдүн жанындагы жана көчөлөрдөгү мындай күрткүлөрдү тазалаш үчүн кар тазалоочу техника жана куткаруучулар менен жергиликтүү шаар тургандары тартылды.

Ссылка: https://barometr.kg/anomaliya-franciyada-ak-zhajdyn-kn-kar-krp-zhatyshat



Добавить комментарий