Америкалыктар талибандарга калтырган аскер техникаларын бузуп салышты
Америкалык аскерлер Кабулдун аэропортундагы ракетага каршы коргонуучу жогорку технологиялык системаны, ок өтпөс техникалар менен ондогон учактарды өлкөдөн кетээрдин алдында жарактан чыгарып салышкан. Бул боюнча АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Кеннет Маккензи билдиргенин “The Times of Israel” булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, MRAP минага каршы коргоосу бар 70 брондолгон унаа, 27 жол тандабас, 73 учуучу аппарат жана башка техникалар жарактан чыгарылды.
“Биз бул системаларды жараксыз кылдык: аларды кайра колдонууга болбойт. Бизге техникаларды эмес, адамдарды алып чыгуу маанилүү болду”,-деп айтты аскер башчы.
Аба майданына орнотулган ракетага каршы жана минометко каршы системалар 30-августта өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек, кечээ 31-августта американын акыркы аскер учагы Кабулдун аба майданынан учуп кетти. Al-Jazeera телеканалы берген маалыматка таянсак, АКШнын аскер күчтөрү чыгарылгандан кийин Кабулдагы эл аралык аэропорт "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) көзөмөлүнө толук бойдон өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyktar-talibandarga-kaltyrgan-asker-tehnikalaryn-buzup-salyshty
Добавить комментарий ×