Америкалык провайдер Трамптын аккаунттарынын блоктошунан улам Facebook менен Twitterге бөгөт койду
Американын Айдахо жана Вашингтон штаттарында кызмат көрсөткөн Your T1 WIFI интернет провайдери кардарлары үчүн Facebook жана Twitter социалдык тармактарын жаап койду. Бул тууралуу KREM телеканалы билдирген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Буга АКШ президенти Дональд Трамптын ушул платформалардагы аккаунттарын жаап салуу себеп болду. Компания өз кардарларына кат жөнөткөн, анда Facebook менен Twitter социалдык тармактары маалыматты цензуралоодо деп айыптаган.
Интернет провайдеринин билдиришине караганда, кардарлардан аталган социалдык тармактардын аракеттерине байланыштуу көптөгөн арыздарды "балдарды бул тармактан кантип коргойбуз" деген өтүнүчтөрдү алгандыгын, натыйжада кардарлардын өтүнүчүн аткарып, сайттарды жаап салууну чечкенин түшүндүрдү. Мындай учурда, провайдерге кардарлар тарабынан суроо-талаптар келип түшсө, мүмкүнчүлүктү дароо кайтарып берүү мүмкүн болот.
Кийинчерээк компания оюун өзгөртүп. Интернет провайдер T1 WIFIнин башчысы Бретт Финк телеканалга билдиргендей, социалдык тармактар суранган колдонуучулар үчүн гана бөгөттөлөнүн айтты.
Эске сала кетсек, 7-январда фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг Трамп президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин социалдык тармаксыз калаарын жарыялаган. 9-январда твиттер анын аккаунтун "зомбулукту дагы күчөтүү коркунучунан" белгисиз мөөнөткө чейин блоктоду. Мындан тышкары, микроблогдордун жетекчилиги АКШ президентине акарат келтирген колдонуучунун аккаунтун жабууга убада берди.
Добавить комментарий ×