Америкада кырсыкка кабылган унаадан 1 жаштагы баланы 2 күндөн кийин тирүү табышты
Американын түштүгүндөгү Арканзас шаарында 3 жаштагы бала 1 жаштагы иниси менен талкаланып калган унаанын ичинен тирүү табылды. Бул туурасында kark.com маалымат агенттиги жазып чыкты. Айтылган маалыматтарга ылайык, унаанын ичиндеги эки баланын энеси 25 жаштагы Лиза Холлиман жол кырсгына кабылып, кырсык болгон жерден жан берген. Ал эми 3 жаштагы баласы унаадан чыгып көчөдө басып жүргөндө полиция кызматкерлерине бала тууралуу кабар жиберилген. Издөө иштеринен кийин дүйшөмбү күнү жолдон чыгып кеткен унааны көрүшкөн. Ичинен 1 жаштагы унаа олтургучуна таңылган баланы алып чыгышкан. Официалдуу өкүлдөрдүн билдиргенине караганда кырсык 2-3 күн мурда болуп, 1 жаштагы бала ошондон бери ачка таңылып олтурган. Бала Арканзас шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилип, жардам көрсөтүлдү. Учурда абалы канааттандырарлык деп билдирет CNN Америкалык маалымат кызматы.
Лиза Холлимандын атасынын берген маалыматына ылайык, кызы 4 жумалык кош бойлуу болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikada-kyrsykka-kabylgan-unaadan-1-zhashtagy-balany-2-kndn-kijin-tir-tabyshty
Добавить комментарий ×