Америкада болгон катуу куюн фермадагы 100дөй уйду учуруп кетти (видео)
Американын Нью-Джерси штатында болгон катуу торнадо сүт ферманы ири чыгымга учуратты. Бул тууралуу “6abc Philadelphia” булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Аталган ферманын ээлери Марианна жана Уолли Экьюустардын айтымында, 2-сентябрда, бейшемби күнү катуу шамал АКШдагы эң чоң сүт фермасы болгон Муллика-Хилл фермасын кыйроого учуратты.
Жубайлар кечки тамакты ичип жатканда аба ырайынын кескин өзгөргөнү жана торнадо болору тууралуу телефондон кабарлама келген.
Алар жер төлөгө жашынып үлгүрүшкөн, EF3 торнадосу үч мүнөттөй гана болгон.
Катуу куюндун кесепетинен эки чоң дан сактоочу жай аңтарылып калган, сарайлар бузулуп, дарактар тамыры менен жулунган.
Жүздөгөн уйлар кыйраган сарайдын алдында калган, 13 уй өлгөн, ондогон уйлар жаракат алган.Уй саай турган бригаданын мүчөлөрү катуу куюн бир нече уйду асманга учуруп кеткенин билдиришүүдө.100дөй уй дайынсыз жоголду, аларды куюн учуруп кеткени айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikada-bolgon-katuu-kuyun-fermadagy-100dj-ujdu-uchurup-ketti-video
Добавить комментарий ×