АКШ: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок
АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу маселеси ара жолдо калды деп билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия боюнча АКШнын катчысынын орун басары Жонатан Хениктин кайрылуусуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, АКШ кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алды.
"Бирок биз кырдаал жөнгө салынды деп эсептебейбиз. Эл үйлөрүнө кайтып, куралдуу кагылышуу болгон аймакты калыбына келтирүү үчүн тынчтык жана туруктуулук керек. Америка эки өлкө ортосундагы пикир келишпестикти жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтөт.
Биз Бишкек, Душанбедеги элчиликтер аркылуу эки өлкөнүн жетекчилиги менен тең сүйлөшүп жататбыз. Алардын Вашингтондогу элчиликтери менен да байланыштык. Абалды жөнгө салуу зарыл", — деди Жонатан Хеник.
Эске салак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.
Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.
Ссылка: https://barometr.kg/amerika-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-zhazhal-souna-chykkan-zhok
Добавить комментарий ×