Америка 10,1 миллион бош орунду жумушчуларга сунуштоодо

10 август 2021 10:14 2881 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык жумуш берүүчүлөр июнь айында 10,1 миллион жумуш орундарын сунушташып, рекорддук көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу US News булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

АКШда бош орундардын саны июнь айында жаңы рекордго жетти жана өлкөнүн жумушчу күчүнө муктаж болуп жатканын дагы да улантууда. Американын эмгек министрлиги берген маалыматка караганда, акыркы айда бош ваканциялардын саны 590 миңден 10,1 миллионго чейин көбөйдү.

Аталган министрлик берген маалыматка таянсак, бул акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Эң негизги бош орундар ишкер чөйрөдө, соодада, ошондой эле тамак-аш тейлөөсүн көрсөтүү тармактарында болуп жатат.

Буга чейин АКШ оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жок, кризиске кабылганы маалымдалган.

Мунун бардыгын пандемиядан кийинки экономиканын активдүү калыбына келиши менен байланыштырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/amerika-101-million-bosh-orundu-zhumushchularga-sunushtoodo



Добавить комментарий