Amazon интернет дүкөнүн негиздөөчүсү дүйнөнүн эң бай адамы деп айтылды

26 август 2020 17:41 746 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык интернет дүкөн Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос тарыхта биринчилерден болуп байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду. Бул тууралуу Forbes журналы берген маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Анда айтылгандай, Amazon акцияларын соодалап, натыйжада Безостун байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан.

Пандемия учурунда ишкердин баалуу кагаздарынын наркы 55 пайыздан көбүрөөк өссө, жыл ичинде байлыгы 86 миллиард долларга көбөйгөн.

Жефф Безос 2018-жылдан бери дүйнөдөгү эң бай адамдардын биринчи тизмегинде турат.

Amazon — дүйнөдөгү эң ири онлайн-ритейлердин бири. Компания АКШ, Канада, Кытай, Бразилия, Япония жана Европа өлкөлөрүндө иш алып барат. Amazon.com интернет-дүкөнү 1995-жылы июлда ачылган.

Ссылка: https://barometr.kg/amazon-internet-dknn-negizdchs-djnnn-e-baj-adamy-dep-ajtyldy



Добавить комментарий