"Альянс Алтындын" башчысы: "Жер үй" КРнын мыйзамынын негизинде иштейт
Бүгүн, 24-июлда Талас облусунун Бекмолдоев айыл өкмөтүндөгү Сасык-Булак айылында "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Шайлообек Таиров жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу «Барометр» билдирет.
Компания башчысы коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
"Компания коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб тарабынан бекитилген эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык ченемдерин сактап келет. Кызматкерлер ПЦР-тесттин жыйынтыгы боюнча жумушка киргизилет", - деди компаниянын башчысы.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Сасык-Булак айылынын тургуну пневмониядан каза болду. Ал өндүрүш фабрикасын куруп жаткан подряддык компанияда иштеген. Ооруган жаран 11-июлдан тарта жумушка келген эмес, үйүндө каза болду. Адам өлүмүнө алып келген жагдайды кээ бир чагымчылдар колдонуп, компаниянын башчысынан убактылуу аны жабууну талап кылышкан.
«Жер үй» - стратегиялык объект болгондуктан, компания ишин токтотуу тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок экендигин башкы директор түшүндүрүп берди. Бирок, белгилүү болгондой, өлкөдөгү кризистин шартында өнөр жай ишканаларынын ишин токтотуу экономикага терс таасирин тийгизээри айтылды.
Эскер кетсек, «Жер үй» - Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири. Колдонууга даяр, бирок күч алган өзгөчө кырдаалдан улам иши бир аз солгундады. Ишин баштагандан тарта компания 30-35 жыл иштейт. Ал учурда өлкөнүн бюджетине салык түрүндө 895 млн доллар которулат. Ал айлык акы жана башка чыгымдардан тышкары.
Жерүй инвестициясынын көлөмү 600 миллион доллардан ашып, Кыргызстандагы эң ири инвестициялардын бири болот. Ишкананы ишке киргизгенден кийин бул жерде 1,5 миңге жакын адам иштейт, кызматкерлердин орточо эмгек акысы 500 долларды түзөт. Ал эми кызматкерлердин 90 % ы жергиликтүү тургундар болот.
Компания 1 млн 300 миң тонна кенди толук өндүрүштүк кубаттуулугу менен жылына 4-5 тоннага жакын алтын өндүрүүнү пландап жатат. Компания руданы же концентратты өлкөдөн алып чыкпайт. Алтындын аффинажы Кыргызстанда ишке ашырылат. Мында аффинаждык баалуу металлды сатып алууда укук өкмөт жана Кыргызстандын Улуттук банкына берилет.
Аталган фабриканы казакстандык “ТОО ААЕngineering Group” компаниясы курган. Анда 2018-жылы “Жер үй” ААК "Альянс-Алтын" тарабынан ЕРС-контрактына кол коюлган.
“Жерүй” кениндеги бардык иштер КРнын мыйзамдарына жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык аткарылып, экологиялык-техникалык коопсуздук так сакталат.
"Альянс Алтын" компаниясы иш баштагандан тарта "Бакубат Талас" фондуна 450 млн сом которгон. Ал облустун айыл чарбасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү программасына, калкты социалдык колдоого багытталат. Быйылкы жылдан баштап фонд жылына 150 миллион сом менен толукталат.
Салык төлөмдөрүн айта турган болсок, 2015-жылдан 2020-жылынын июнь айына чейин КРнын бюджетине 720 млн сом которулган. Келерки жылдан баштап жыл сайын Кыргызстандын бюджетине түшө турган төлөмдөр 2 млрд сомду түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-direktoru-sasyk-bulak-ajylynyn-turgundary-menen-zholuktu
Добавить комментарий ×