“Альянс Алтын” жергиликтүү тургундарды “Жерүй” алтын кенинин аймагында окутуудан өткөрдү

13 май 2019 12:00 2536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын февраль айында Талас шаарындагы №90 кесиптик лицейдин имаратында  “Жерүй” алтын кенине кадрларды даярдоо максатында “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому уюштурган атайын окутуу программасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак өткөрүлгөн. Жыйынтыгында сынака катышкан 320 жергиликтүү тургундардан тийиштүү адистиктери бар 45 адам тандалып алынып “Жерүй” алтын кенинин аймагында бир жарым ай окуудан жана практикадан өтүштү. 15-апрелде аталган талапкерлер алган билимдеринин жыйынтыгы боюнча аттестациядан өткөрүлүп, комиссиянын чечими менен 44 угуучунун билими канаатандырарлык деп табылса, 1 талапкердин билими  канаатандырарлык эмес деп табылып, жумушка уруксат берүүчү күбөлүк берилбей турган болду. Окуудан өтүшкөн баардык талапкерлерге Аттестациялоочу комиссиянын корутундусуна ылайык “Жерүй” алтын кенине кадрдык резервди даярдоо боюнча атайын  окутууга “Угуучу” болуп катышты деген сертификат тапшырылды. Жыл аягына чейин ушундай эле ачык сынактар дагы эки жолу өткөрүлөт. КР Өкмөтүнүн Талас областындагы өкүлү М. Мураталиевдин сунушу менен жергиликтүү тургундарды ишке орноштурууда атайын адистиктерге ээ болгон, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга артыкчылык берүү жагы каралган.

Ушул эле жылдын 23-24-25-апрелинде Талас шаарындагы №90 кесиптик лицейдин имаратында  “Жерүй” алтын кенине кадрларды даярдоо максатында “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому уюштурган атайын окутуу программасына ылайык айдоочулука талапкерлерди тандоо боюнча дагы бир ачык сынак өткөрүлгөн. Жыйынтыгында сынака катышкан 503 жергиликтүү тургундардан тийиштүү адистиктери бар 48 адам тандалып алынган. Алар тийиштүү медициналык жана соттолгондугу туралуу  текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин  “Жерүй” алтын кенинин аймагында бир жарым ай окуудан жана практикадан өтүшөт. Жыйынтыгында окуудан өтүшкөн баардык талапкерлерге Аттестациялоочу комиссиянын корутундусуна ылайык “Жерүй” алтын кенине кадрдык резервди даярдоо боюнча атайын  окутууга “Угуучу” болуп катышты деген сертификат тапшырылат. Жумушка тандоодо КР Өкмөтүнүн Талас областындагы өкүлү М. Мураталиевдин сунушу менен  атайын адистиктери бар, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга артыкчылык берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-zhergilikt-turgundardy-zherj-altyn-keninin-ajmagynda-okutuudan-tkrd



Добавить комментарий