Жерүй кени экологиялык коопсуздукка кандай кам көрөт. Адистин жообу

21 декабрь 2020 15:00 3859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Альянс Алтын" компаниясы үчүн жаратылышка болгон мамилени максималдуу жогорулатуу абдан маанилүү жана албетте, калдык сактоочу жайлардын коопсуз иштешин камсыз кылуу эң негизги багыт.

Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайдын түзүлүшү жөнүндө AAEngineering Group генподрядчигинин башкы инженери Айзада Мамбеткул кызы айтып берди.

“Айта кетчү нерсе кенди кайра иштеткен компаниялардын калдыктарды сактоо жайы сөзсүз болушу керек. Антпесе фабрикадан чыккан калдыктарды сактоо жери  жок болуп калат.  Ошондуктан проект экспретизидан өтүп, калдык сактоочу жайдын курулушу аяктап колдонууга даяр.

Бул жерде, фабриканы куруп баштаганда эле калдыктарды кургак сактоо чечими кабыл алынган. Мунун өзгөчөлүгү, кургак топeрактын үстүнөн 20 см чопо төгүлгөн, анын үстүнөн геотекстиль, геомембрана анан кайрадан геотекстиль төшөп туруп анан чополуу топурак төшөлгөн.

Калдыктардын көбү кургак түшөт, ал эми агынды суу кайрадан фабриканын өзүндө колдонуп, сыртка калдык болуп агып чыкпайт”, - деди ал.


Эске салсак, Жерүй Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири, дээрлик ишке кирүүгө даяр, бирок акыркы учурдагы талап-тоноолордун  айынан токтоп калган. Жерүйдө казылып алынган кен дагы эле кампада турат.
Ишке киргизилгенден кийин завод 30-35 жыл иштейт. Бул убакыттын ичинде компания бюджетке 895 миллион доллар салык төлөйт, бул кызматкерлердин эмгек акысы жана башка чегерүүлөр эсепке алынбайт. Жерүйдөгү инвестициянын көлөмү 600 миллион доллардан ашып, Кыргызстандагы эң ири инвестициялардын бири болуп калат.
Ишкана ишке киргенден кийин бул жерде 1,5 миңге жакын адам иштейт, кызматкерлердин орточо эмгек акысы 500 долларды түзөт. Ал эми, кызматкерлердин жалпы санынын 90% жергиликтүү тургундардан түзөт.
Компаниянын толук өндүрүштүк кубаттуулугу 1,3 миллион тонна руданы иштетүүгө ниеттенүүдө, жылына болжол менен 4-5 тонна алтын алуу пландаштырылууда.
Компания руданы же концентратты өлкөдөн экспорттобойт. Алтынды аффинаждоо Кыргыз Республикасында жүргүзүлөт, ал эми өкмөт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укугуна ээ болушат.
Казакстандын AAEngineering Group LLP компаниясы алтынды калыбына келтирүүчү завод курду, аны менен иштеп чыгуучу “Жеруй Альянс Алтын” ЖЧКсы 2018-жылы алтынды кайра иштетүүчү фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушуна жаңы келишимин түздү.
Жерүй кениндеги бардык жумуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга так ылайык жүргүзүлөт, анын ичинде экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо чаралары дыкат каралган.
"Альянс Алтын" өзүнүн ишмердүүлүгүнүн мезгилинде “Бакубат Талас” жыргалчылык фондуна 450 миллион сом которгон, ал каражат калкты социалдык колдоого жана аймактын айыл чарбасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалат. Быйылкы жылдан баштап фонд жылына 150 миллион сом менен толукталып турат.
Салыктык жеңилдиктерге токтолсок, 2015-жылдан 2020-жылдын июнь айына чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине 720 миллион сом которулган. Келерки жылдан баштап Кыргызстандын бюджетине жылдык төлөмдөр болжол менен 2 миллиард сомду түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-zharatylyshty-saktoo-zhana-kaldyk-saktoochu-zhajlardy-zamandyn-talabyna-zharasha-ishtet-bizdin-bagyt



Добавить комментарий