"Альянс Алтын" Улуттук олимпиада комитетине мыкты балбандарды колдоо иретинде 2 млн сомдук сертификат тапшырды

22 декабрь 2022 19:10 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетине өлкөнүн мыкты спортчуларын акчалай сыйлык менен сыйлоо үчүн 2 миллион сомдук сертификат тапшырды.

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети тарабынан спорт федерацияларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Салтанатка компаниянын жетекчилиги катышты.  
 

Ал эми, УОК быйыл спортчулары эң мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн алдыңкы федерацияларга акчалай сертификаттарды тапшырды. “Альянс Алтын” комитетке эки миллион сомдук сертификат берип, ал КР Күрөш федерациясына ыйгарылды.  
 



Эске салсак, өткөн жылы “Альянс Алтын” менен УОК кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. 

Компания комитеттин өнөктөшү болуп саналат жана аны колдойт.  

Кошумчалай кетсек, компания «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу Талас облусунда мелдештерди өткөрүүгө каражат бөлүп, бул аймактан келечектүү спортчулардын чет элдик турнирлерге баруусуна жардам берип келет.  

«Биздин ишкана 2021-жылдын март айында ишке кирген, негизги инвестиция 400 миллион долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын бюджетине салык түрүндө 9 миллиард сомдон ашык акча котордук. Өткөн жылы салык төлөмдөрү боюнча республикада алтынчы орунду ээлеген болсок, быйыл үчүнчү орунга чыгууну пландап жатабыз», - дейт «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов.     

«Спортко жардам берүү менен биз сергек жашоо образын жайылтууга, улуттун ден соолугун чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошобуз», - деди ал.    

  

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-uluttuk-olimpiada-komitetine-mykty-balbandardy-koldoo-iretinde-2-mln-somduk-sertifikat-tapshyrdy



Добавить комментарий