"Альянс Алтын" Талас облусунун калкына 450 млн сомдук жардам көрсөттү

29 июнь 2020 17:51 1963 Barometr
Бөлүшүү:
ok

4 жылдын ичинде "Альянс Алтын" ЖЧКсы "Бакубат Талас" фонду аркылуу Талас облусунун калкына 450 млн сомго жардам берди. Аталган каражат региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүүгө багытталганы белгиленет. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи, экинчи жана үчүнчү транштарда бөлүнгөн каражаттардын суммасы 100 млн сомду түздү, 2019-жылы бул сумма төртүнчү транштын алкагындагы 150 млн сомго жеткен.

"450 млн сомдун 290 млн сому бизнести жеңилдетилген насыялоого жана жылдык 8% менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалган. Акча каражаттары төрт транш менен берилген, акыркысы көбүрөөк – 90 млн сом болгон. Бөлүнгөн каражат ишкердикти каржылоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

“1 848 кыргыз жараны жылына 8% жеңилдетилген насыяны колдоно алышты. Алардын ичинен 1 552 дыйкан жана фермер чарбалары 245 млн сом, ошондой эле 296 ишкер - 240 млн сом суммасында насыя алган.

Белгилей кетсек, "Алтын Альянc” социалдык багыттагы уюм катары Талас облусунун калкына ар дайым жардам көрсөтүп келет. Берилген насыялар максималдуу төмөн пайызда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого жумшалган. Анын негизинде Талас облусунун тургундары материалдык каражатын толуктап, жеке ишин өркүндөтүп, айыл чарба жана башка тармакты өнүктүрүүгө каражат алышкан.

Салыштыра кетсек, өлкөнү өнүктүрүү үчүн 2019-жылы республикалык бюджеттен 409 млн 606 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен Талас облусуна болгону 34 млн 705 миң сом туура келген.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talas-oblusunun-kalkyna-450-mln-somduk-zhardam-krstt



Добавить комментарий