"Альянс Алтын" профсоюздук комитетти уюштуруу жөнүндө кызматкерлери менен жамааттык келишим түздү
Бүгүн, 17-сентябрда "Джеруй" алтын кенинин өндүрүш аянтында "Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сабир Рахматов жана профсоюздук комитеттин төрагасы Кубат Болоткановдун катышуусунда жамааттык келишимге эки тараптуу кол коюлду.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Аталган жамааттык келишимге кол коюуга "Альянс Алтындын" администрациясы, компаниянын кызматкерлеринен турган профсоюздук комитеттин мүчөлөрү катышты. Профсоюздук комитеттин мүчөлүгүнө бардыгы болуп 450 адам кирди.
Жогоруда аталган жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толугу менен шайкеш келет жана ал ишканалардын материалдык абалын бекемдөөдө жалпы максаттарга жетүү үчүн иштелип чыкты. Келишим кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, жеңилдиктерди түзүп берет. Белгилей кетсек, мурда компания Профсоюздан расмий келишим алган жана Эмгек кодексинин 37-беренесине ылайык, “Альянс Алтын” сүйлөшүүлөрдү баштаган.
Башкы директор Сабир Рахматов кол коюлган жамааттык келишим жумушчулардан-профсоюздун мүчөлөрүнөн келген баардык сунуштарды эске алуу менен түзүлгөнүн жана компаниянын ички процессин оптимизациялай турган жана бекемдей турган негизги документ экенин, иштөө үчүн эң жогорку ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин айтты.
Жамааттык келишим жумушчулар үчүн КРнын Эмгек кодексинде каралган айрым жеңилдиктерден дагы жогору турган кээ бир жеңилдиктерди караган жана эмгек акысы, иш режими, саламаттыкты коргоо, жумушчулар менен алардын үй-бүлөлөрүнө каралган жеңилдиктерди камтыйт.
Ошол эле маалда анда бекем сакталышы керек болгон өз ара милдеттер жазылган.
Профсоюздук комитеттин төрагасы Кубат Болоткановдун айтымында, келишимдин башкы өзгөчөлүгү социалдык жеңилдиктер, иштеген жылдарга кошула турган төлөмдөр жана керектөө бааларынын өсүшүнө карата жыл сайын айлык акынын индексацияланып турушу менен компаниянын каржылык ишмердигинин оң жыйынтыктары болмокчу.
“Жамааттык келишим бир жылдын ичинде иштелип чыккан жана “Жерүй” долбоорунун баардык өзгөчөлүктөрү менен профсоюздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары эске алынган. “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги сүйлөшүүлөрдө биз менен кызматташтыкка чыкканына кубанычтабыз, бул өз ара пайдалуу келишимге кол коюуга алып келди”,-деп айтты Болотканов.
Документ КРнын Эмгек кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык үч жылда түзүлгөн.
Маалым кат
2020-жылы "Альянс Алтын" компаниясынын эмгек жамааты менен алгачкы профсоюздук уюм-«Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомунун жумушчуларынын кесиптик биримдиги уюштурулган, ага компаниянын 400дөн ашык кызматкерлери кирген.
Бул компанияда иштеп жаткан жалпы жумушчулардын санынын 70 пайызына барабар. "Альянс Алтын" кесиптер биримдиги Юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөн.
2021-жылдын 3-сентябрында компания "Альянс Алтын" профсоюзунан жамааттык келишим долбоорун жана келишим долбоорун кабыл алуу боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдү башталганы тууралуу эскертмени алган.
Добавить комментарий ×