"Альянс Алтын" компаниясынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрдү жүргүздү

5 апрель 2022 16:43 1356 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Альянс Алтын» компаниясынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрдү жүргүздү.

Келишимде ишкананын кызматкерлеринин жакын туугандарын акыркы сапарга узатуу үчүн 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөө каралган. 

Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 110 000 сомду түзгөн төлөмдү 11 кызматкер алды.

Ошондой эле келишимде 50, 55, 60 жана 65 жаштагы кызматкерлерге (компанияда 5 жылдан аз эмес стажысы бар) бир жолку 5000 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө каралган. Ага ылайык, жалпы 20 миң сомду түзгөн акча каражатын 4 кызматкер колуна алды.

Мындан тышкары ишкананын кызматкеринин никеге турганына карата 5000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм каралган. Аталган жөлөк пулду 3 кызматкер алды.

Дагы 9 кызматкер бала төрөлгөнүнө байланыштуу 3000 сомдон бир жолку жөлөк пул алышкан. Төлөмдүн жалпы суммасы 27 000 сомду түздү.

Белгилей кетсек, жамааттык келишимге 2021-жылдын сентябрь айында «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен профсоюз комитетинин төрагасы Кубат Болотканов кол коюшкан. 

Келишим профсоюз мүчөлөрүнүн бардык сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толук жооп берет.

 Анын максаты - компаниянын кызматкерлерине жумуш үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasynyn-profsoyuzu-zhamaattyk-kelishimge-ylajyk-algachky-tlmdrd-zhrgzd



Добавить комментарий