"Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу менен Таласта 1400 аял санариптик маммографтан бекер текшерүүдөн өтүштү
Талас облусунда сегиз ай ичинде 1,4 миң аял санариптик маммографтан текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Белгилей кетсек, санариптик маммограф 2020-жылы Германиядан «Мобилдик маммографиялык борбордун жардамы менен Кыргызстанга эмчек жана жатын моюнчасынын рагын эрте диагностикалоо» долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Кыргызстан үчүн уникалдуу болгон бул жабдык аялдарда кеңири тараган рактын түрлөрүн эрте аныктоого мүмкүндүк берет.
"2021-жылдын сентябрь айында аппарат Талас облусуна алынып келинген. Бул аймакта долбоорду ишке ашыруу Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын каржылык колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
Буга чейин Талас облусунда мындай техника болгон эмес. Аялдар Бишкекке келип, текшерилип турушкан", -дейт Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору Айжамал Шамбетова.
Алгач санариптик маммографтан Бекмолдо айылынын, кийин Таластын, Кызыл-Адырдын аялдары текшерүүдөн өтүштү. Облус аймагында электр кубаты үзгүлтүккө учураган убакта айрым тетиктери бузулуп, эки жолу (октябрь жана январь айларында) иштен чыккан. Керектүү тетиктерге буюртма берилип, оңдолуп, кайрадан жарандарды текшерүүсүн уланткан. Диагностикага суроо-талап жогору болгон, анткени эмчек рагы аялдардын ден соолугу үчүн эң чоң коркунучтардын бири.
«Бул маммографка текшерүү акысыз жүргүзүлдү. Кээ бирөөлөр үчүн бул ракты эрте аныктоого, өз убагында чараларды көрүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берди”, -дейт Айжамал Шамбетова.
Добавить комментарий ×