«Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен Таласка маралдар алынып келинди

3 май 2022 10:39 1310 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен 2,5 млн сомго каржыланган  маралдар алынып  келинди. 

1-майда Талас облусуна атайын Алтай Республикасынан 35 марал алынып келди.  Акыркы жылдары бул жаныбарларлардын саны азайганына байланыштуу Талас районундагы Беш-Таш коругуна  кое берилди. 

Талас жергесине маралдарды багуу боюнча илимдер академиясы тарабынан  аныкталган корутунду чыгарылган жана  20 күндөн кийин жарандар келип көрсө болот. 

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык быйыл облуста  комплекстүү иштер жүрүүдө.  «Тоонун экосистемасын сактоо», «Манастын үчилтиги» жана жашыл мурас боюнча жаны долбоорду ишке ашыруу экология кызматкерлери менен биргеликте иштелип чыкты.

«Альянс Алтын» ишканасы айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан иш-чараларга өзгөчө көңүл буруп келет жана маралдарды сатып алуу да компаниянын бул багыттагы иштеринин бири болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasynyn-koldoosu-menen-talaska-maraldar-alynyp-kelindi



Добавить комментарий