«Альянс Алтын» компаниясы муктаж болгондорго азык-түлүк пакеттерин тапшырды

30 апрель 2022 17:48 2153 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ыйык Рамазан айынын урматына  Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» ишканасы Талас районундагы муктаж адамдарга азык-түлүк пакеттерин таратуу акциясын өткөрүүдө.

Ишкана мындай акцияны жыл сайын өткөрүп келет жана бул ирет тизмеге Талас шаарындагы коммуналдык жана чарбалык ишканалардын катардагы кызматкерлери кирди.

«Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Болот Өмүралиев белгилегендей, Рамазан айында ишкана муктаж болгондор үчүн 220 даана азык-түлүк пакеттерин чогулткан.

"Анын ичинен 38 пакет шаарды көрктөндүрүү үчүн суу чарба жана коммуналдык чарба кызматкерлерине тапшырылды. Буга чейин ишкана тарабынан 400 муктаж адамга ифтар уюштурулуп, шаардык мекеме-уюмдардын аз камсыз болгон кызматкерлери да катышкан. Компания тынымсыз ушундай иштерди жүргүзүп келет – ал жакырларга жардам көрсөтөт”, - дейт компаниянын өкүлү.

Ар бир пакетте: 10 килограмм ун, 5 килограмм кумшекер, 5 килограмм күрүч, 5 килограмм макарон, 3 литр өсүмдүк майы, 500 граммдык пакет чай болгон.

Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов «Альянс Алтын» компаниясына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ишкананын кызматкерлерине ушундай жардам көрсөтүп жатканына кубанычтамын», - деди Талас шаарынын мэри.

Орозо айында азык-түлүк пакеттерин алуу күтүүсүз, бирок жагымдуу болгонун кызматкерлердин өздөрү белгилешти.

Калган пакеттерди компаниянын өкүлдөрү бүгүн, 30-апрелде Талас районундагы, анын ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү муктаждарга таратып жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-muktazh-bolgondorgo-azyk-tlk-paketterin-tapshyrdy



Добавить комментарий