“Альянс Алтын” компаниясы аялдарды акысыз текшерүүнү уюштурду

27 сентябрь 2021 11:22 1784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте Кыргызстан калкынын арасында аялдарды онкологиялык оорулардан ичинен өлүмгө биринчилерден болуп кириптер кылган оору - эмчек безинин рагы илдетине карата текшерүүдөн өтүүгө шарт түзүп берди.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Текшерүү заманбап маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал залалдуу шишик ооруларын биринчи баскычтарында аныктап  бергендиктен, миңдеген  өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган көчмө клиника саламаттык сактоо тармагынын адистери багыты боюнча тыгыз кызматташуусу, Талас облусунун райондук борборунда жана айылдарында кызмат өтөй тургандыгы айтылууда. Тартылган сүрөттөрдүн бардыгы Бишкектеги тажрыйбалуу рентгенолог адисине келип, кайрадан үй-бүлөлүк дарыгерлерге жөнөтүлүп турат.Бардык күмөн санаткан жагдайлар атайын программанын жардамы менен көзөмөлгө алынып, текшерилүүчү айым андан аркы кадамдар боюнча кошумча маалыматтарды ала алат.

«Альянс Алтын» компаниясы бул оорунун диагностикасын эрте аныктоонун өзгөчө маанилүү экенин белгилейт жана мобилдик клиниканын иши Талас областынын тургундарына сапаттуу медициналдык тейлөө алууга мүмкүндүк берет деген ниетте.

Эң башкы белгилеп кетүүчү жагдай - бардык каалоочулар үчүн текшерүү акысыз.

2 айда толук форматтуу санариптик маммография аркылуу Талас областында 1 400 аял текшерүүдөн өтө алат.

Аталган жогорку технологиялык жабдуу күнүгө 35 аялды текшерүүдөн өткөрө алат.

Маммографияга аялдар жергиликтүү гинекологдон же болбосо үй-бүлөлүк дарыгерден көрсөтмө болгондо гана текшериле алышат.

Маммографияга катталуу жергиликтүү медициналык мекемелер (үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, ФАПтар) аркылуу жүргүзүлөт жана трелейрдин администраторуна берилет.

Маммографиялык изилдөө жашы 40 жаштан жогорку аялдарга жылына 1 ирет, айыз циклинин 5 күнүнөн тартып 12 күнүнө чейин өтүү сунушталат. Менопауза болгон аялдар кайсы күнү болбосун маммографиядан текшерилсе болот.

Маммографиянын жыйынтыктары 10 күндүн аралыгында чыгарылат. Трейлердин администратору аны жергиликтүү медициналдык мекеменин каттоо бөлүмүнө берет.

Маалым кат

Кыргызстандагы онкологиялык оорулардын түзүмүндө биринчи орунду эмчек безинин рагы ээлейт, анын көрсөткүчү 18,5 пайызды түзөт. Экинчи орунда жатын моюнчасынын рагы туруп, 13 пайыз деңгээлде турат. 2020-жылы эмгек безинин рагы менен ооруган 626, жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 413 жаңы учур катталган.

Өлүм менен аяктаган учурлардын көбүнө бейтаптардын дарыгерлерге кеч кайрылышы,Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда кесипкөй адистердин жоктугу, республиканын калкынын онкологиялык оорулары тууралуу маалыматынын аздыгы, текшерүүчү кабинеттердин жоктугу жана башкалар себеп болот.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-ayaldardy-akysyz-tekshern-uyushturdu



Добавить комментарий