"Альянс Алтын" компаниясы Талас эли менен бирге Баткенге үч унаа гуманитардык жардам жөнөттү

2 май 2021 14:36 3238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунан Баткенге үч жүк ташуучу унаа менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөп кетти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам кече, 1-май күнү кечинде чыгып кеткен.

Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте чек ара аймагынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөттү.

Чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары үчүн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам күнүмдүк жашоо-турмушка керектүү тамак-аш, суу, кийим-кече, памперс, медициналык буюмдар, дары-дармектерди камтыйт.

Гуманитардык жардамды Талас облусунун бүтүндөй аймактары чогултту.

"Бакубат Талас" фондунан бөлүнгөн 400 миң сомго дары-дармектер сатылып алынып чек ара аймагындагы айылдардын жашоочуларына жөнөтүлдү.

«Талас облусунун жашоочулары чек арадагы куралдуу кол салуу тууралуу белгилүү болгон, алгачкы мүнөттөрдөн тарта жабыркагандарга жардам чогулта башташкан.

Кыргыз жерибизди коргоп курман болгон баатырларыбыздын ата-энелерине жана алардын туугандарына, көңүл айтабыз ", - дешти көздөрүнө жаш алган Талас облусунун тургундары.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-talas-eli-menen-birge-batkenge-ch-unaa-gumanitardyk-zhardam-zhntt



Добавить комментарий