"Альянс Алтын” ишканасы кыргыз спортун өнүктүрүүнү колдойт

14 июль 2022 13:21 9516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери Талас облусунун спортун колдоого чоң көңүл буруп, ар кандай мелдештерди өткөрүүгө жана спортчулардын чет элдик чемпионаттарга баруусуна каражат бөлүп келет.

"Спортко жардам берүү менен биз сергек жашоо образын жайылтууга салым кошобуз. Улут канчалык ден соолугу чың болсо, анын мамлекетин өнүктүрүү оңой деп эсептейбиз. Спорттук ийгиликтер да өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын жогорулатат», - деди келишимге кол коюуда «Альянс Алтын» ишканасынынбашкы директору Сабир Рахматов.    

"Альянс Алтындын" колдоосу жана демилгеси менен көптөгөн турнирлер өтүп жатканы бизди өзгөчө кубандырат. Компаниянын аркасы менен буга чейин Талас облусунан ондогон спортчулар эл аралык турнирлерге чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретип келишти.

«Альянс Алтын" Улуттук Олимпиада комитетине колдоо көрсөтүүгө кубанычта. Спортту жигердүү өнүктүрүп, кызыктуу долбоорлорду ишке ашырып, 2024-жылкы Олимпиадага даярданып жатканыңыздарды көрүп, колдоо көрсөтүүгө даярбыз», - деди Сабир Рахматов. 



Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-kyrgyz-sportun-nktrn-koldojt



Добавить комментарий