"Альянс Алтын" экологияны көзөмөлдөп туруучу метеостанция орнотту

7 май 2021 15:12 3986 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Апрель айынан баштап айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө программасы метеорологиялык параметрлерди каттоочу жабдыктар менен толукталды. Бул тууралуу "Альянс Алтын" ишканасынын маалыма кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, "Альянс Алтын" ишканасы абанын температурасын, абанын салыштырмалуу нымдуулугун, жаан-чачындын көлөмүн жана интенсивдүүлүгүн, атмосфералык басымды, күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн каттаган автоматташтырылган метеорологиялык станция (АМС) орноткон. 

Бул аппараттар биз иштеп жаткан экстремалдык климаттык шарттарда коопсуз жана натыйжалуу иштөө үчүн онлайн режиминде метеорологиялык мүнөздөмөлөрдү байкоого мүмкүнчүлүк берет.

Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык мониторинг төмөнкү максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:

  • ишкананын иши кыргызстандык жана эл аралык стандарттарга жана көрсөтмөлөргө ылайык келишин камсыз кылуу;
  • пландаштырылган иш-чаралардын шайкештигин жана алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу;
  • көзөмөлдөөчү органдарга, коомдук жана каржы уюмдары үчүн объективдүү жана тиешелүү маалыматтарды алууну уюштурат;
  • айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө үчүн объективдүү маалымат алуу;
    экологиялык төлөмдөрдү эсептөө үчүн маалыматтарды алуу.

Бул багыттагы иштерди мамлекет тарабынан каттоодон өткөн «Чүй Экологиялык Лабораториясы» ЖЧКсы сертификацияланган компаниясы жүргүзөт.

Экологиялык мониторингдин планы төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн аныктамасын камтыйт:

  • булгоо булактарына мониторинг жүргүзүү;
  • гидрогеологиялык мүнөздөмөлөр;
  • жер үстүндөгү суунун сапаты;
  • атмосфералык абанын сапаты;
  • лицензиялык зонада жана кенге чектеш аймактарда радиациянын өлчөмү.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ekologiyany-kzmldp-turuuchu-meteostanciya-ornottu



Добавить комментарий