“Альянс Алтын” 150 гектар айдоо жерди суу менен камсыздады

8 июль 2019 15:50 1609 Barometr
Бөлүшүү:
ok


“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому 150 гектар айдоо жерди суу менен камсыздады. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты.

Бекмолдо айыл башкармалыгынын өтүнүчү боюнча “Альянс Алтын” Кеңеш айылына жакын Сүттүү Булак аттуу жерге сугат иштерине колдонуу үчүн узундугу 30 метр болгон арык тарттырып берген. Ошол эле жерге беш метрлик бетон лоток унаа өтүү үчүн курулду.

Жасалган иштин жыйынтыгында 150 гектардан ашык айдоо жери үзгүлтүксүз суу менен камсыздалып, мыкты түшүм алууга жакшы шарт түзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-150-gektar-ajdoo-zherdi-suu-menen-kamsyzdady



Добавить комментарий