"Альянс Алтын" 150 окуучуга мектеп формасын белекке берди
Талас облусунда Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн 1-классынын бардык окуучуларына мектеп формасын тапшырды.
Ишкана жетекчилигинин демилгеси менен Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү 4 мектептин 1-классынын 150 окуучусуна мектеп формасы тигилди.
Бекмолдо айыл өкмөтүндө 1-класстын окуучуларына мектеп формасы тапшырылды.
Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы жергиликтүү тургундар үчүн ар кандай иш-чараларды байма-бай өткөрүп, жардам көрсөтүп келет.
Бул жолу ишкана жетекчилигинин демилгеси менен 150 окуучуга костюм, шым, жакеттен турган форма жана экиден ак көйнөк белек кылды.
Бул мектеп формасын "Альянс Алтын" ишканасы «Айко Сейко» тигүү цехи менен бирдикте даярдашканын аталган ишкананын басма сөз катчысы Нурмухамед Жумабеков билдирди.
Өз кезегинде, мектеп жетекчилиги ишканага ыраазычылык билдирип, атайын «Ыраазычылык каттарын» тапшырды.
Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектептин директору Ержан Асыранов: «Билим күнүнө карата «Альянс Алтын» компаниясы жакшы маанай тартуулады. Эң жакшы инвестиция бул билимге салынган инвестиция деп эсептейм. Биздин бүгүнкү кичинекей окуучуларыбыз эртеңки күндүн устаттары. Компанияга келечекке кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Формасы гана эмес, бизге дайыма материалдык жардам берип турушат».
Компаниянын мындай белеги окуучуларды да, алардын ата-энелерин да кубандырды.
«Балдарыбызга тартууланган форма абдан жакты, сапаты сонун экен. Кээ бир үй-бүлөлөрдө үч-төрт бала мектепке барат, алар үчүн бул чоң жардам. Окуучулардын биринин ата-энеси катары «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылык билдирем», - дейт кызын 1-класска алып келген Бегимай Мухтарова.
Добавить комментарий ×